www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында инисинин өлүмүнө шектүү жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош ШИИБи билдирди.
22-июль күнү Ош шаардык сотунда инисинин өлүмүнө шектелип кармалган 1983-жылы туулган жарандын баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыкты.
Ош шаардык соту билдиргендей, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү (атасы) тосмо арыз жазып берген. Ал улуу баласын кичүү уулун таап келүү үчүн жөнөткөнүн айткан. Кичүү уулу жубайы менен ажырашып, үйгө барбай, ичкиликке берилип кеткен.
Маркумдун атасы соттон шектүү делген улуу баласына жеңил жаза берүүнү суранган. Шектүү жаран үй-бүлөсүнүн жалгыз камкорчусу, 3 баланын атасы.
Бул чечим акыркы эмес жана нааразы болгон тарап Ош облустук сотуна кайрылса болот.
Эске сала кетсек, буга чейин NazarNews маалымат агенттиги Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан өз инисин өлтүргөнгө шектүү катары 1983-жылы туулган Алай районунун Ак-Босого айылынын тургуну Б.А. кармалганын жазган.
Маалыматка ылайык, ал алгачкы тергөө учурунда инисинин көп ичип кеткендиги, элге-журтка уят кылып жаткандыгына байланыштуу аны жакшы жолго чакыргандыгын бирок, иниси каяша айтып, укпай койгондуктан бир чапканда иниси талуу (башынын арка тарабы менен ташка жыгылган) жери менен ташка кулап, эсин жоготуп койгондугун айткан. Өлтүрүү оюнда жок экендигин билдирген. Эсин жоготуп койгон инисин ооруканага өзү алып барган.
Учурда анын көрсөтмөсү текшерилип жатат.
Шектүүнүн каза болгон иниси 1985-жылы туулган Б.М. аттуу иниси 20-июль күнү саат 21.00 чамасында Ош облустук ооруканасына оор абалда жаран түшкөндүгү тууралуу маалыматты аталган оорукана кызматкерлери тарабынан берилген.
Видеотасмада шектүү Б.А.нын берген көрсөтмөсү.
Булак: NazarNews.kg