www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөндөгү селкинчектен жыгылган жарандын иши боюнча текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 20-июнь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн шаарынын 2001-жылы туулган А.А. аттуу тургуну Өзгөн шаарынын Саракский көчөсүндө орун алган сейил бакта селкинчекте ойноп жатып кокусунан кулап түшкөн. Ал ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам Өзгөн районундагы бейтапканада каза болгон.
"Жакындары соттук-медициналык экспертизанын ички кароо жүргүзүүдөн баш тартышкан. Өзгөн РИИБи тарабынан текшерүү башталды. Курамында тйиштүү кызматтардан турган комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен эс алуу жайынын ээсине карата мыйзамдуу чара көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg