www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парижде пенсия реформасына каршы митингге катышкан 217 адам кармалды. Бул тууралуу 16-мартта BFMTV каналы билдирди.
Нааразылык акциясынын катышуучулары Конкорд аянтындагы стихиялуу митингди таркаткандан кийин башаламдыкка жана өрт коюуга айыпталууда.
Бир күн мурун Парижде Улуттук ассамблеянын имаратынын жанына чогулган митинг жарандардын пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүү боюнча мыйзамдын кабыл алынышына макул эместигинен улам келип чыккан.
Франция 16-мартта пенсия курагын 62ден 64кө көтөрүү боюнча мыйзамды кабыл алган. Документ өлкөнүн Конституциясынын 49.3-беренесине ылайык парламентте добуш берүүсүз кабыл алынган.
Булак: NazarNews.kg