www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин «алтын чарчысында» жайгашкан дээрлик бир гектар жер 7 млн долларга сатыла турган «Эркин Тоо» деген типография бар. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы учурунда «Эркин Тоо» гезит-китеп полиграфиялык ишканасын тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине кайтаруу боюнча иш жүргүзүп, ал тууралуу мурда чечим чыгарган кызмат адамдарына карата сотко чейинки териштирүү жүргүзгөн.
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жооптуу кызматкерлери имаратты жана анын тегерегиндеги жер тилкелерин ошол тизмеден чыгаруу боюнча маселени кароодо кызмат абалынан пайдаланган жана чечимди мыйзамсыз чыгарган деп шек саналган. УКМК белгилегендей, Бишкектин «алтын квадратында» жайгашкан имарат 2002-жылдын 20-августунда өкмөттүн токтому менен республикалык маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилген. «Тарыхый-маданий мурасты колдоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзам боюнча тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, ордун которуштурууга, кайра курууга жана өзгөртүүгө уруксатты өкмөт бере алат. Бирок 2015-жылы «Эркин Тоо» ишканасынын акционерлери министрликтин кызмат адамдары жана курулуш компанияларынын бири менен келишип алып, ал жерге кабат үй салуу жана пайда көрүү үчүн имаратты атайын тизмеден чыгарып алышкан деп шек саналууда.
«Эркин Тоо» басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратура иш козгой баштаганы 2016-жылы маалым болгон жана министр Каныбек Иманалиевдин аты аталган. Министр өзү кылмыш иштерин жандантууга негиз жок деп билдирип: «Мага күнөө койгудай эч негиз жок. Бул факт боюнча эки жолу иш болгон. Анда мен күнөөкөр эмес, күбө катары да чакырылган эмесмин», - деп айткан.
Каныбек Иманалиевге таандык делген "Эркин-Тоо" басмаканасы бузулуп, ордуна элиталык үй салынмай болгон. Бул басмакананы Иманалиев убагында арамзаалык менен менчиктештирип алган. Башкача айтканда, "Эркин-Тоо" басмаканасын жеке менчикке сатуу жарыясын "Учкун" басмаканасында басылуучу "Эркин-Тоо" гезитине берет. Каныбек Иманалиев "Учкун" басмаканасынын директору болуп туруп ал жарыяны "Эркин-Тоо" гезитинин бир гана экземплярына бастырып, калган миңдеген экземплярларына бастырбайт. Андан сырткары өзүнүн жеке менчик "РИФ" гезитинин 1 эле экземплярына да ал жарыяны бастырып, 2 экземпляр гезитти Мамлекеттик мүлк комитетине берет.
Ошентип эч кимге билгизбей, туйдурбай менчикке чыгарып алган. Бул тарыхый имаратты Алтынбек Максүтов маданият министри болуп турганда, ал аркылуу тарыхый имарат статусун жокко чыгаруу сунушун ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариевге бердирип, ага келиштире токтом токутуп Каныбек мырза максатына жеткен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg