www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-мартта грузин депутаттары чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоорун кароо учурунда мушташып кетишти. Бул тууралуу Грузия Online билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө комитеттин төрагасы Анри Оханашвили менен оппозициялык депутаттардын ортосунда оозеки кагылышуу болуп, андан соң мушташка айланды.

«Сенин мекениң жок, кимдин кызыкчылыгына кызмат кыласың? Сенде мамлекет деген сезим жок», - деди Оханашвили «Стратегия Агмашенебели» партиясынын лидери Гиоргий Вашадзеге.

Оппозициялык депутаттардын баары жыйын залынан чыгып кетүүгө мажбурланды.

«Биз оппозициянын бардык депутаттарын күч менен кууп чыктык, анын ичинде аялдар да бар. Имарат полиция тарабынан курчоого алынган, журналисттерге уруксат берилген эмес, бул мыйзам иштеп баштады дегенди билдирет», - деди оппозициячыл депутат Ека Херхеулидзе журналисттерге.

Мыйзам долбоорлорун талкуулоо менен катар парламентке жакын жерде нааразылык акциясы өтүп жатат. Митингчилер мыйзамдын кабыл алынышына каршы.

Буга чейин “Эл бийлиги” оппозициялык кыймылынын депутаттары грузин парламентине “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап, ага ылайык, өлкөдө өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана чет мамлекеттен каржыланган субъектилердин реестрин түзүү сунушталууда. 

Парламенттик көпчүлүктү түзгөн башкаруучу “Грузин кыялы” партиясынын өкүлдөрү жаңы мыйзам долбоорун колдоо ниетин билдирип, эгер президент Саломе Зурабишвили ага вето койсо, депутаттар аны жеңүүгө аракет кыларын айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости