www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык саясат таануучу Дмитрий Дробницкийдин Ведимир Соловьев менен кечинде программасында айтылган Казакстан тууралуу терс сөздөрүнө комментарий берди.
Хабар 24 телеканалынын кабарчысы Кремлдин өкүлүнөн саясат таануучунун позициясы Россия Федерациясынын жетекчилигинин позициясы менен канчалык дал келерин сурады.
«Мен бул сүйлөгөн саясат таануучуну тааныбайм да. Мен бир нерсени айта алам: Орусияда Казакстан боюнча өтө ыңгайсыз билдирүүлөрдү жасаган саясат таануучулар Казакстанда Орусияны катуу сындаган саясат таануучулардан кем эмес. Бирок бул биздин эки тараптуу мамилелерибизге көлөкө түшүрө алат жана керек дегенди билдирбейт. Анткени бул саясат таануучулар эч кандай бийликтин, Кремлдин расмий линиясын чагылдырбайт. Аларга ушундай мамиле кылуу керек. Аларды такыр укпай же көрбөй койгон жакшы», - деди Дмитрий Песков.
20-ноябрда «Владимир Соловьев менен кечинде» программасында саясат таануучу Дмитрий Дробницкий Орусиянын кезектеги көйгөйү Казакстан экенин айтты.
«Украинада болуп жаткан нацисттик процесстер ошол жерден да башталышы мүмкүн. Ал жерде орустар көп, ал эми аймак ошол жерде... кечиресиз, Семей ал жакта жана биздин бүт Росатом үчүн өзөктүк отун да ошол жерде », - деди ал.
Саясат таануучунун билдирүүсүнө Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен комментарий берилди. Мажилистин депутаты Елнур Бейсенбаев журналисттерге орусиялык телеканалдар аркылуу Казакстанга карата айтылган коркутууларга жана терс билдирүүлөргө укуктук баа берүү үчүн Башкы прокурорго кайрылуу жөнөтүүнү убадалады.
Булак: NazarNews.kg