www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сиздеги кедейлик психологиясы менен күрөшүүнүн жолдору тууралуу сөз кылалы.
Өзүңүздү аябаңыз!
Жумуштан чарчаган кезде «мен чарчадым» деген ойдон арылыңыз. Уйкуңуз канбаса, күнү бою “дагы бир-эки саат уктап алышым керек эле” деген ой менен жүрбөңүз. Маанилүүсү, сиздин түндө уктаганыңыз эмес, бүгүнкү күнүңүздүн кандай өткөндүгүндө. Бир күндү ушундай ой менен кор кылып өткөрүп алууңуз мүмкүн.
Нааразылана бербеңиз!
«Менин айлыгым эч нерсеге жетпейт! Акчадан кыйналып кеттим!» деген сөздөрдү көп айтасызбы? Ойлонуңузчу, ушуну айткандан баштап сиздин айлыгыңыз өстүбү, өссө акчаңыз жетип жатабы? Албетте, жок. Минтип нааразылануу эч пайдасыз. Өзүңүздү кыйнай бербеңиз, жумушка карата кызыгууңуз калбай каларын жакшы билесиз.
Барга шүгүр, жокко каниет кыл! Дүнүйө эч кимге эч качан жеткен эмес
Байыган адам дагы байыгысы келет. Баардык нерсенин кадырын билиңиз. «Канааттанган адамдын курсагы ток болот». Шүгүрчүлүк кылууну унутпаңыз.
Баардыгын акча менен байланыштырбаңыз!
“Акча көп болсо, бактылуу болмок элем” деп көп ойлоноруңуз белгилүү. Көп акча ийгиликтин, бакыттын, кубанычтын ачкычы болгон эмес.
Баардыгы бир убакта болбойт!
Ушуну жакшылап түшүнүү керек. Мисалы, сиз соода менен алектенип, алгач көп чыгымга учурадыңыз дейли. Мындан улам эч качан “соодада жолум болбойт” деп түшүнүү жаңылыштык. Балким, кийинки жолу ийгилик сизге жылмаят...
Булак: Азия News гезити