www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Рой шаарында пиццага буйрутма берген кардар аны жеткирип иштеген пенсионерге 12 миң доллар чай-пул топтоп берди. Бул тууралуу Today басылмасы билдирди. 

Маалыматка караганда, 89 жаштагы Дерлин Ньюнинин (Derlin Newey) пенсиясы эсептерди төлөөгө жетпейт. Мындан улам ал кошумча акча табуу үчүн жумасына 30 саат пицца жеткирип иштейт.

"Анын туруктуу кардарларынын бири Карлос Вальдез карыя Ньюнинин пицца жеткирген учурун видеого тартып алган. Андан соң аны TikTok платформасына жүктөгөн", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми видеону көргөн колдонуучулардын көбү улгайган адамдын мынчалык көп иштегенине сарсанаа болушкан. Жыйынтыгында Вальдездин үй-бүлөсү акча чогултуп, пенсионерге жардам берүү идеясын ойлоп табышкан.

"Баарыбыз биригип бул өзгөчө адам үчүн 12 миң доллар чогулттук", — деген ал.

Белгилей кетсек, Вальдез Ньюниге сюрприз уюштуруп, анын үйүнө барып акча тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости