www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пневмония менен ооруп калган ырчы Бек Борбиев кыргызстандыктарга кайрылып, өз кеңешин берди.

“Мен ушуга чейин өпкө оорулары менен жабыкарган эмесмин. Тилекке каршы бүт дүйнөнү каптаган пандемия мени айланып өткөн жок. Бишкекке бир күнгө барып келем деп, жугузуп алган окшойм. Бирок азыр кудайга шугур, ооруну жеңдим десем жанылышпасам керек. Айтаар кеңешим биринчиден паникага алдырбай, өпкө оорусуна жакпаган аракеттерди жасаш керек экен. Ал таза аба, денеден тер чыгаруу... Анан албетте врачтардын айткан кеңештерин так аткаруу. Эң негизгиси бул оорудан коркпош керек, сакайыш үчүн биринчи аң сезимде бул илдетти жеңуу зарыл. Эгер ооруй элек болсоңуз, сактаныңыз. Анткени, убакыт өткөн сайын бул вирустун күчү кете берет, жеңил формада гана кадимки грипптердин катарына кошулат экен. Адамдын өмүрүнөн улук, кымбат нерсе али табыла элек. Ошондуктан өзүңөрдү, жакындарыңарды сактагыла. Ал эми мен Чычкан капчыгайында, оорууну толук жеңип бүтмөйүнчө ушул жакта болом. Экиу күндөн бери менин ден соолугумду сурап, тынчсызданган күйөрмандарыма рахмат жана баарыңыздарга ден соолук каалайм",-деп ырчы кеңеши менен бөлүштү.

Эске сала кетсек, ырчы буга чейин социалдык тармактагы баракчасынан пневмония менен оору калганын айтып, 7-8 күндөн бери ал менен күрөшүп жатканын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости