www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Полиция айдоочулардын тайгак жолго унааларын айдап кетпеши үчүн машинанын алдына жатып алган. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда окуя, Казакстандын Нур-Султан — Темиртау унаа жолунда болгон. "Нөшөрлөгөн жаандан кийин борбор калаадан чыккан жолдун баары тоңуп калганына байланыштуу шаар бийлиги тарабынан кыймыл чектелген. Бирок ага карабай, айрым айдоочулар жолго чыгууга аракет кылышкан. Алардын бири жолго туурасынан токтотулган полициянын машинасын түртүп, өтүп кетүүгө аракет кылган. Ошол маалда жол инспектору анын автосунун алдына жата калып, жолун торогон",-деп жазылат маалыматта.
Ал эми, бул жаңжалга катышкан эки "Газель" жана бир Hyundai үлгүсүндөгү унаалардын айдоочулары "Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү" беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылган.
Булак: NazarNews.kg