www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көптөгөн билдирүүлөргө караганда, Суданда аскердик төңкөрүш аракети болду.
Араб жана батыш басылмалары - аскерлер министрлердин көбүн, алар ичинде өкмөт башчы Абдалла Хамдукту, мындан тышкары, бир нече провинциянын губернаторлорун жана башка саясатчыларды камакка алганын жазып жатат.
Military coup reported in Sudan.
— Amichai Stein (@AmichaiStein1) October 25, 2021
Military have deployed in the streets in Khartoum, several arrests of ministers and a member of the sovereign council. PM Abdalla Hamdok placed under house arrest
(Pic: the reported arrest of Sudan’s minister of industry) pic.twitter.com/9hF824N4GS
Аскерлер баш кеңсеси Омдурман шаарында жайгашкан мамлекеттик телерадио компаниясын да басып алышты. Өлкөдө интернет үзгүлтүк менен иштеп жатат. Премьердин атынан демократиянын жактоочуларына кайрылуу тарап, төңкөрүшкө каршы чыгууга чакырык жасалды. Хартум шаарынын көчөлөрүндө дөңгөлөктөрдөн тосмолор пайда боло баштады. Аскер жетекчилиги азырынча расмий билдирүү тарата элек.
[VIDEO]: Demonstrations in the streets of Khartoum amid coup in #Sudan. pic.twitter.com/XtEBwxNLDA
— The African Voice (@teddyeugene) October 25, 2021
АКШнын Мамлекеттик департаменти аскердик төңкөрүш аракетин сынга алып, Американын Суданга берген жардамы текке кетээрин билдирди. Буга чейинки дагы бир төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрелинде болгон. Анда - өлкөнү 30 жыл башкарган Омар Бешир кызматынан кетип, аскерлер бийлик аларга өткөнүн жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg