www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Вектор" борбору көптөрдүн үшүн алган COVID-19дун дельта-штаммынын сүрөтүн биринчи ирет коомчулукка көрсөттү. Аны РИА Новости өзүнүн Телеграм каналына жарыялаган.

Бул кадрлардын электрондук микроскоптун жардамы менен жасалганы айтылды.

"Вирус африкалык жашыл маймылдын бөйрөгүнүн клеткаларында жасалма жол менен өстүрүлгөн. Бул "Вектор" деп аталган вирусология жана биотехнология боюнча мамлекеттик илимий борбордун коллекцияларынын бири, коронавирустун дельта-штаммынын анык сүрөтү. Ал электрондук микроскоп менен тартылган", — деп айтылат "Вектордун" маалыматында.

Дельта-штамм — COVID-19ду козгоочулардын бири. Ал биринчи ирет Индияда табылган. Башкалардан айырмасы инкубациялык мөөнөтү кыска, адамдын организмин тез эле алсыратып коет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "дельтаны" абдан кооптуу штаммдын катарына киргизген. Оору тамактан кармап ошол жерден өнүккөндүктөн, аны илештирип алгандар өздөрү билбей башкаларга тездик менен жуктурушу мүмкүн экени айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости