www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров Президенттин алдындагы Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин курамын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, 23-июнда Садыр Жапаров менен бизнес чөйрөсүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бул структура түзүлгөн.
Коррупцияга каршы ишкер кеңешти түзүүнүн негизги максаты-коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жакшыртуу жана мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу. Мындан тышкары, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердиктин субъекттеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу.
Мүчөлүктүн курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес -коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет:
Садыр Жапаров - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кеңештин төрагасы;
Нурайпа Муканова - Кеңештин башкы катчысы;
Мээримбек Койчуманов - Жогорку Кеңештин Кыргызстан фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Чыңгыз Макешов - Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Марлен Маматалиев - "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Наталья Никитенко - "Ата Мекен" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Бактыбек Турусбеков - "Бир Бол" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча);
Курманкул Зулушев - Башкы прокурор;
Кубанычбек Бөкөнтаев - Улуттук банктын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Данияр Амангелдиев - Экономика жана коммерция министри;
Алмаз Бакетаев - Финансы министри;
Аяз Баетов - Юстиция министри;
Улан Ниязбеков - ички иштер министри;
Болотбек Купешев - Билим берүү жана илим министри;
Алымкадыр Бейшеналиев - саламаттыкты сактоо министри;
Эркинбек Осоев - транспорт жана коммуникация министри;
Робин Орд-Смит - Бизнес-омбудсмен (макулдашуу боюнча);
Марат Шаршекеев - Соода -өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
Сталбек Акматов - Кыргыз Республикасынын зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
Алмазбек Акматалиев - Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);
Кеңешбек Алымбеков - Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кафедра башчысы (макулдашуу боюнча);
Номанжан Аркабаев - юрист, "Жаңы эшик" гезитинин журналисти (макулдашуу боюнча);
Балтабаев Рустам - Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Ялкун Даутов - Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Алмаз Ибраев - Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Ибрагимов Самат - «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо» коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Рапия Исаева - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кафедрасынын доценти, (макулдашуу боюнча);
Эмилбек Исеналиев - «Жогорку элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Абдилашим Исраилов - Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Чолпон Койчуманова - Улуттук илимдер академиясынын Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөөлөр борборунун жетекчиси, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (макулдашуу боюнча);
Шевки Лютфулла - Ишкерлер, маданият, тилектештик жана достук Түркия-Кыргызстан коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Фархад Пакыров - "ЖИА Бизнес Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Гүлүмкан Самтырова - «Коррупцияга каршы адилет жардам» коомдук фондунун теңтөрайымы (макулдашуу боюнча);
Аскар Сыдыков - Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Артур Ташибеков - Базарлар, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Тунгатаров Актилек - Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Гүлнара Ускенбаева - Жеткирүүчүлөрдүн (Өндүрүүчүлөр жана Дистрибьюторлор) Ассоциациясынын Президенти (макулдашуу боюнча);
Радик Шабданов - "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча).
Байкоочу мүчөлөр - өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр (макулдашуу боюнча):
Айтен Рустамова - Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору;
Габриэла Геллил - Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
Кит Симмонс - Кыргыз Республикасындагы Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин миссия директорунун милдетин аткаруучу;
Оливье Бангертер – Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси;
Фред Хьюстон - АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Укук булагы долбоорунун директору;
Эдуард Ауэр - Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн Жетекчиси, Элчи.
Булак: NazarNews.kg