www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров диний кызматкерлерге алдыдагы парламенттик шайлоодо талапкерлердин үгүт иштерине катышпоону эскертти. Бул туурасында аталган комиссиянын маалымат кызматы билдирди. 

Ал бүгүн президент Садыр Жапаровдун жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин республикалык кеңешмесинде коюлган маселелер боюнча диний уюмдардын өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн.

Маалыматка ылайык, Абдыкаров жыйында дин жаатындагы мамлекеттик саясатка токтолуп, шайлоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, дин кызматкерлери талапкерлердин үгүт иштерине байланыштуу иш-чараларга катыша албастыгын эскерткен. Ошондой эле бул жаатта катуу көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды бергени маалым болду.

Булак? NazarNews.kg

Последние новости