www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үлпөт тойдо ок аткан баланын ким экени аныкталганын Чүй облустук ИИББ билдирди.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 121-беренеси ("Эл жашаган жерде ок атуу") боюнча каттоого алынган.

Милиция окуя Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка айылында болгонун аныктаган.

"Видеодогу бала 22 жаштагы М.И. экени белгилүү болду. Ал агасынын үлпөт тоюнда атасынын куралы менен эки ирет ок чыгарганын билдирди. Аны достору видеого тартып соцтармакка жарыялашкан", — дешти ОИИББден.

Эске салсак, буга чейин соцтармакка той учурунда тамдын чатырына чыгып белгисиз үлгүдөгү куралдан асманга ок чыгарган баланын видеосу тараган. Кадрдан короодо үлпөт тойго келгендер бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости