www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы Жогорку Кеңештин имаратына келип өзүн башкача алып жүргөн кишини алып кетүү үчүн Тез жардам чакыртылды.

Окуя болгон жерден тартылган видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Кадрдан көрүнгөндөй, классикалык кийим кийген кишини медиктер алып баратышат, бирок ал каршылык көрсөтүүдө. Алардын жанында милиция менен имаратты кайтарган күзөт кызматкерлери турат.

Ыкчам медицина борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов Sputnik Кыргызстан агенттигине окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын билдиришинче, кечээ саат 19:02де 102 линиясы аркылуу чакыруу түшүп, өзүн адаттан тыш алып жүргөн киши тууралуу кабар берилген.

«Тез жардам бригадасы барганда 35 жаштагы киши Жогорку Кеңешке келип, президент болгусу келгенин айтканы белгилүү болгон. Ал парламенттин аппарат кызматкери эмес, чоочун адам болуп чыккан. Кийинчерээк Республикалык психикалык ден-соолук борборунда каттоодо турганы тастыкталды», — деди Шаяхметов.

Мындан улам медиктер бейтапты аталган борборго жеткиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости