www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сот француз президенти Эммануэл Макронду жаакка чапкан Дамиан Тарель аттуу жергиликтүү жаранды 18 айга түрмөгө камоого өкүм чыгарды. Бирок ал абакта төрт ай гана болот. Анткени анын 14 айы шарттуу жаза чарасы катары сот өкүмүндө белгиленди.

Тарелди соттогон кылмыш беренеси үч жылга чейин эркинен ажыратуу жана айып пул салууну карайт.

Макронду 8-июнда өлкөнүн түштүгүндө эл менен жолугушууда аны чогулгандардын бири жаакка чапкан.

Социалдык тармактарга жарыяланган видеодо Макрон эл менен саламдашып жатканда, арасынан бир адам президентти бетке чаап, "Макрония жоголсун!" деп кыйкырганын көрүүгө болот.

Макрон окуяга байланыштуу "бул акылсыздык. Акылсыздык зомбулук менен коштолгондо кабыл алынгыс болуп калат", - деп комментарий берген.

Француз президенти ошондой эле "демократияда жек көрүүчүлүк менен зомбулукка орун жок экенин" белгилеген.

Окуяны бир топ саясатчылар, анын ичинде оңчулдардын лидери Марин ле Пен да сынга алып, зомбулукка жол берилбеш керек экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости