www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Прямой» телеканалынын журналисти Дзьобуну Зеленскийдин сакчылары жыгып салышканын ЖМКлар жазып чыгышты.

Киевдеги «Прямой» телеканалынын журналистин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кортежи эмес, анын күзөтчүлөрү кулатып салышкан, анын колу көгөргөн, кан болгон деп жазат «Вести» гезити.

Буга чейин «Вести» басылмасы Зеленскийдин кортежи Киевдеги пресс-конференция өтүп жаткан жерден чыгып, «Прямой» телеканалынын журналистин сүзүп кеткенин жазган.

«Журналистти президенттин жансакчылары жыгып салышкан. Анна Джобанын колдору көгөрүп, кан болгон, ал жерге дарыгерлер чакырылган», — деп жазат басылма Telegram'да.

Басылма ошондой эле жалган маалымат үчүн кечирим сурады.

Жума күнү Зеленский Киевде маалымат жыйынын өткөрдү, ал 5,5 саатка созулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости