www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүтүрүүчү кыздын өлүмүнө байланыштуу билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин тапшырмасы менен министрликтин кызматкерлери Кеминге барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Министрликтин өкүлдөрү Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлөбаева, Жалил Садыков атындагы №1 орто мектептин директору, социалдык педагог жана класс жетекчи менен сүйлөшүшкөн.
«Жолугушууга милиция кызматкерлери да катышты. Алар фактылар менен тергөөнүн жүрүшү, ошондой эле коопсуздук жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралар тууралуу айтып беришти. Учурда мугалимдер, мектептин жана райондун педагогикалык курамы каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, бүтүрүүчү кыз 21-июнда киши колдуу болгон. Ал мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган. Ошол бойдон үйүнө барган эмес.
Кийин кылмышка шектелип мурда ээнбаштык жана алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы киши кармалган. Колго түшүрүлгөн киши кызга асылып, аны зордуктоого аракет кылганын, бирок кыз кыйкырып жардам сурай баштаганда коркуп кетип муунтуп салганын айткан. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алганы маалым болду.
Булак: NazarNews.kg