www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия өкмөтү мээге микрочиптерди орнотуу программасын өнүктүрүүгө 54 миллиард рубль бөлүүнү пландоодо. «Мээ, саламаттык, интеллект, инновация» федералдык программасынын долбоорун билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан.

Аны орус президенти Путин колдоого алды. Долбоорго кызынын тиешеси болушу ыктымал.

«Коммерсантъ» гезити жазгандай, долбоор тышкы жабдууларды мээдеги электр сигналдарынын жардамы менен башкара турган нейроинтерфейстер технологиясын өнүктүрүүнү камтыйт.

Маселен, учак, автоунаа жана атомдук электростанцияларын башкаруу үчүн «киши-техника» интерфейстерин түзүү пландалган.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлар жасалма интеллектке байланыштуу долбоорлорду Путиндин кызы Катерина Тихонова жетектеши ыктымал экенин жазышкан.

2018-жылы ал биринчи жолу мамлекеттик телеканалда «Иннопрактика» институту жөнүндө сюжетте элге көрүнгөн. Фондду Тихонова жетектейт. Материалда мээнин электр сигналдарын көзөмөлдөө менен адамдын аң-сезимин программалоого жол ача турган технология жөнүндө айтылган.

Нейроинтерфейстер технологиясын иштеп чыгуу – дүйнөлүк илимде перспективдүү багыт. 2021-жылы апрелде бул тармактагы өз технологиясын Илон Масктын Neuralink стартабы ачыкка чыгарган. Ал мээсине чип орнотулган маймылдын классикалык Pong оюнун ойноп жатканын көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости