www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ маршруттук таксинин айдоочусу кармалып, Кара-Балта-Бишкек жолундагы конфликт боюнча өзүнүн чындыгын айтты:
- Мен Бишкек-Кара-Балта жолунда жүргүнчү ташып иштеймин. Окуя 1-октябрда саат11:30дар чамасында болгон. Кара-Балтадан Бишкекке келе жатып Александровка айылына жеткенде радиом иштеп калды. Анан жанагы аял “Катуу айдабайсыңбы! “Тумар” радиосун койбойсуңбу? Кыргызча радио койбойсуңбу?” – деди. “Менде тарткан радио ушул” деп жооп бердим. Анан ал маршруткадан түшө турганын айтты. Жол киреге эки кишиге деп 100 сом алгам. Келген жерин эсептеп 20 сом кайтарып бердим. Александровкага 40 сом менен келет да негизи. Ал 50 сом берүүнү талап кылганда бербей тырышып туруп алдым. Анан ал бетиме асылып, тытып алды. Мындан улам токтоно албай жиним келип кетти- дейт айдоочу.
Кээ бир учурларда чынында эле аялдар эркектерден ашып түшсө, кээ бир учурларда эркектер аялдардан ашып түшөт. Айтор жанындагы балдарга үлгү болчу деңгээлди көрсөтүп өздөрүн татыктуу алып жүрүүнү көбүрөөк ойлонсо дейсиң!
Булак: NazarNews.kg