www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 13 жаштагы уулу Адам биринчи шайлоодо жеңишке жетишти. Ал республиканын биринчи президенти Ахмат Кадыров атындагы Билим берүү борборунун президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Кадыровдун телеграм-каналына жазылган маалымат тараган. 

Кадыров уулун "ишенимдүү жеңиши" менен куттуктады. Мектептеги шайлоодо Адамга "шайлоочулардын абсолюттук көпчүлүгү добуш берди" деди ал.

Чеченстандын башчысы уулунун жеңиши ачык жана таза болду деп ишендирди.

"Шайлоо өнөктүгү бардык белгиленген регламенттерди сактоо менен шайлоо комиссиясынын тыкыр көзөмөлү астында уюштурулду. Добуш берүүгө 3-11-класстын окуучулары, мугалимдер жана Билим берүү борборунун администрациясы катышты. Үч талапкердин ичинен абсолюттук шайлоочулардын көпчүлүгү (81,7 пайызы) Адамга добуш берди", - деп жазган ал.

--"Инаугурация учурунда Адам мектептин уставы менен салтанаттуу ант берип, Россиянын жана Чечен Республикасынын Конституциясын, ошондой эле мектеп эрежелерин сактоого милдеттенди. Андан кийин ал Билим берүү мекемесинин өкмөтүнүн Президентинин күбөлүгүн жана Билим берүү борборунун директорунан президенттик бийликтин символун алды", - деп айтылат билдирүүдө.

Кадыров кошумчалагандай, уулу спортто мыкты ийгиликтерге жетишип, жакшы окуйт жана Куранды жатка билет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости