www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаардык аскер соту кыргызстандык 3-топтогу майып, 32 жаштагы Талант Онуровду "теракт даярдаган" жана "терроризмге үгүттөгөн" деген айып менен жети жылга эркинен ажыратты.

Мындан тышкары ага төрт жыл бою интернетте жана сайттарда ишмердүүлүк кылууга тыюу салынды.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Онуров 2019-жылы сентябрда Орусияга келген. Ал ушул эле жылы октябрь айында "теракт жасоо" максатында Москвада өзүнө өнөктөштөрдү издеп жүргөн деген айып менен кармалган. Онуров тергөө абагында отурган учурунда күнөөсүн мойнуна алганын Москванын тергөө комитетинин өкүлү Юлия Иванова кабарлаган.

Талант Онуров 1989-жылы 11-январда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Үй-бүлөдө төрт баланын улуусу. Ата-энесинин айтымында, 1998-жылы менингит болуп ооруп, кулагы укпай калган.

Кыргызстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги 2007-жылы берген күбөлүккө ылайык, 3-топтогу майып. Балыкчы шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турат, майыптыгына байланыштуу айына 2700 сом жөлөк пул алат.

1998-2008-жылдары Бишкектеги кулагы укпаган балдардын №2 интернатында окуган. Кийин Балыкчыдагы ата-энесинин колунда жүргөн. Үйлөнө элек, мурда соттолгон эмес.

Онуровдун апасы анын уулунун террордук уюмдарга катышы бардыгын четке кагып келет. Анын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, уулу угуу аппаратын сатып алууга акча иштеп келүү үчүн Бишкекке кеткен боюнча дайынсыз болгондуктан, ага издөө жарыялашкан.

2019-жылы сентябрда Талант Москвада экенин билдирип, инисине телефон чалып, иштеп акча тапса, үйүнө кайтарын айткан. Ноябрь айында Талант Москва шаардык тергөө комитетинин тергөө абагында экени маалым болгон.

Тергөө комитети Талант Онуровду Орусиянын Жазык кодексинин 30-беренесинин 1-бөлүгү, 205-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык теракт уюштурууга аракет кылган деп айыптаган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости