www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган Сиирт шаарында өтүп жаткан митингге барган жерден жардыруучу зат табылды. Бул тууралуу Cumhuriyet гезити жазды.

Гезит белгилегендей, митингде коопсуздукту камсыздоого катышкан милиционер аны жумушка баратканда унаасынын астынан байкап калган. Бул мамлекет башчынын сөзүн баштаар алдында болгон.

Окуя болгон жерге сапёрлор бригадасы келип, жардыргыч затты зыянсыздандырган.

Учурда милиция шектүүлөрдү издеп жатат.

Сиирт Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан. Калкынын басымдуу бөлүгүн арабдар жана күрттөр түзөт. Кезинде Эрдоган премьер-министрликке Сиирт шайлоо округунан талапкерлигин койгон.

Буга чейин, 2-декабрда Чехиянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Андрей Бабиш анын өмүрүнө кол салуу аракети болгонун билдирген. Анын айтымында, жигит өкмөт үйүнүн алдына канжар жана тапанча менен келген. Милиция кызматкерлери аны имараттын кире беришинен кармап, залалсыздандырышкан.

Кол салган адам өлкөдө өзгөчө кырдаал режиминин киргизилишине жана COVID-19нын жайылышына байланыштуу блокадага нааразы болгон деп болжолдонууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости