www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда такси кызматында иштеген кыргыз балдарды унаасы менен кошо жүк ташуучу унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу окуяга күбө болгон адам билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 21-июль күнү таңында болгон. Алар 20-июлдан 21-июлга караган түнү мас абалда Ленин проспектисинде жолдун так ортосуна чыгып алып бийлешкен.

“Түнү таксини жолдун ортосуна токтотуп туруп алып, бийлеп жатышыптыр. Саат түнкү 02:00, унаанын эшиктерин дагы ачып алышыптыр. Унаамды токтотуп алып, жанына барсам, кыргыз эле балдар экен. Аларга жолдун чекесине чыккыла деп түшүндүрүүгө аракет кылдым. Бирок рулдагы бала “бизге акча берип койдуңбу же арак алып берип атасыңбы. Биздин жашообузга кийлигишкидей сен кимсиң, акыл үйрөтпөй кете бер” дешти. Араң жолдун чекесине чыгарып коюп кеткем. Анан эртең менен ушундай кырсык болуптур...”,-деп Кубаныч деген күбө билдирди.

Такталбаган маалыматтарга таянсак, кырсыктан эки жигит каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости