www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Москва шаарында кыргызстандык жарандардын адам өлүмү менен коштолгон чырына байланыштуу тергөө иштери улантылып жатат. Шектүү айдоочу — 21 жаштагы Бекжан 8-ноябрга чейин камакка алынган. 

Окуя 9-сентябрда (шекшемби) таң эрте түнкү клубдун жанында болуп, «Фольксваген Поло» унаасы 10го жакын адамды сүзүп кеткен. Алардын бири оор жаракат алып, көп узабай көз жумса, жабыркагандар ооруканага жаткырылган. 

Жабыркагандар менен айдоочу кыргызстандыктар болгон. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары Бекжан Россиянын жарандыгын алганын жазып чыгышты. Ошондой эле айдоочу ошол учурда спирт ичимдигин ичпегени аныкталган.

Бекжан окуя капысынан болгонун айтып, күнөөсүн мойнуна алган. Анын айтымында, түнкү клубга карындашынын 18 жашын белгилөө үчүн чогулушкан болчу. Алгач аны көчөдөн топ балдар сабагандан кийин унаасына отуруп, айдап бара жаткан. Бирок анын жолун топ балдар кайрадан тосуп, аларды сүзүп кеткенин айтты.

Булак: "Турмуш"

Последние новости