www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада эл көп жүргөн жерде теракт жасоого аракет кылды деп шектелген жаран жок кылынганы кечээ, 27-июлда белгилүү болгон.  Россиянын Федералдык кызматы ал 19 жаштагы Тажикстан жараны Одил Каюмов экенин аныктады.

Федералдык коопсуздук кызматынын айтымында, террорчу Химки районунда кароосуз турган гараждан табылган.

"Кармоо учурунда ал автомат менен укук коргоо органынын кызматкерлерине карай ок чыгарган. Ага жооп иретинде атышканда ок тийип мерт болгон", — деп билдирди коопсуздук кызматы.

Окуя болгон жерди тинтүү учурунда АКС-74У үлгүсүндөгү автомат, үч магазин, эки Ф-1 гранатасы жана бир РГД гранатасы табылган.

Маркумдун Москвада ижарага батир алып жашап жүргөнү аныкталды. Ошондой эле Подмосковьеден анын бир тууганы кармалган. Ал тууганы Сириядагы террорчулар менен байланышып жатканынан шек санап полицияга кайрылган.

Учурда каза болгон террорчу менен иштешкен башка адамдар дагы изделүүдө.

Россиянын Тергөө комитетинин Подмосковьедеги начальнигинин улук жардамчысы Ольга Врадий журналисттерге аталган факты боюнча "укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Маркумдун телефонунан жазылган жазуулар өзбек тилинде экенин көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости