www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы депутат Садык Шер-Нияз Садыр Жапаровдун Кумтөр боюнча өз позициясынан кайтканын айтты. Ал бул тууралуу кечээ, Садыр Жапарвдун “7-каналга” берген билдирүүлөрү боюнча комментарий берип жатып маалымдады.
“2014-жылы Кумтөрдү көтөрүп чыккансыз, ошол оюңуз менен түрмөгө түштүңүз деген дагы ойлор бар, ошол нерсе сизди түрмөгө түшүрдү. Улутташтыруу деп жатып уу жуттуңуз. Аягы эмне болду? Аягы Кумтөрдү улутташтырбайбыз, ал жерде алтын калбай калыптыр деп чыктыңыз. Бул эмне дегенди билдирет? Анда биротоло, Канадалыктарга айтып койбойлубу, ал байкуштар дагы беш жыл казабыз деп журөт. Айтып коелу алтын калбай калыптыр үйүңөргө кете бергиле, кыштын суугунда эмне кыласыңар деп эле жарыялап. Бул боюнча сиз өз позицияңыздан кайттыңыз, кыргыз элине түшүндүрмө беришиниз керек”, – дейт бийлик өкүлү.
Мындан сырткары ал, “7-канал” Садыр Жапаровго убакыт берсе мыйзам боюнча ага дагы бериш керектигин билдирип, эфирге чакырса ал жактан дагы айтып бере аларын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg