www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрликке талапкерлигин жактыргандан кийин маалымат жыйын өткөргөн Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анын алкагында шайлоо тууралуу да айтылды.
Садыр Жапаров: - Ушул партиялык система коррупциялык. Партиялык система деген өзү бул – бизнес экен. Бардыңыздар көрдүңүздөр, эл-журт дагы билди. Жаш баладан баштап, токсонго чыккан карыяларга чейин билди. Партиялык система бул — бизнес системасы экенин. Алдына бир чоң бизнесменди коюп, олигархтарды, акча менен туруп алып, анан келип бардык коррупцияга аралашканын көрдүк.
Мен өзүм 2010-жылы партиялык система менен депутат болуп келгем. Бул система мамлекетке зыян келтиргенин мен өз көзүм менен көргөм, билем. Ошондуктан менин сунушум — бир мандаттуу парламент деп сунуш кылып жатам. Кудай буюрса, бир мандаттуу парламент болот деп турам. Анан президент болот, жаңы Конституция боюнча. Анан курултай системасын киргизебиз деп турам.
Муну мен эми таңуулап эле, ушундай болот дей бербейм. Бирок саясий күчтөр менен, Конституциялык кеңешме түзүп, ошол кеңешме менен кеңешип, анан кийин чечебиз.
Булак: NazarNews.kg