www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Садыр Жапаров Сапар Исаковду уят кылды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата Улуттук тарых музейине бийлик башындагыларды чогултту.

Иш-чара кечээ, 15-декабрда, өттү. Анын жүрүшүндө өлкө башчы жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты.

Ал ошондой эле баасы илинип турган аттардын макетинин жанына келип мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду эстеди.

"Бул Сапар инибиздин аттары да, ээ? 17 миң евро дейби... Баасын илип коюп эң туура кылыпсыңар. Бул тарых болуп калат. Кийинки муун ушуну көрүп туруп мындайды жасагандан уялат", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле ээр токулган макеттердин жанына келип, "булар да 17 миң евро эмеспи?" деп сурады. Буга музей кызматкери "Материалы менен кошкондо 100 миң сомдун тегерегинде сарпталды" деп жооп берди.

Эске салсак, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Иштери аяктап калганда, 2018-жылдын май айында, музейди реконструкциялоодо сатып алынган эмеректердин кымбат баада сатып алынганы ачыкталган. УКМК Тарых музейин реконструкциялоого кеткен бюджеттик каражат боюнча териштирүү баштап, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Бул ишке катыштыгы бар делген Сапар Исаковго карата Жогорку сот Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ипподромдун реконструкциясы боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарган. Иш кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости