www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин журналист, Мелис Арып-Бек Нарын дайрасына куруулучу ГЭС дин тегерегинде ызы-чуулар тууралуу пикирин айтты.

--Эки-үч күндүн аралыгында Нарын дайрасына куруулучу ГЭС дин тегерегинде ызы-чуулар басылбай, күч алууда. Анын себеби, дагы кошумча "ГЭСди кошуна Өзбекстан, Казакстан менен курмай болдук" - деген сөздөн жаралууда. Мен дагы мекенчил жараан катары ушул абдан маанилүү маселенин тегерегинде өз ойумду билдиргем. Тактап айтканда, ачыктан-ачык мындай ойлонбогон сунушка каршы чыккамын. Себеби, канчалык биз кошуналарды сыйлабайлык, канчалык биз суу сактагычтарды жайында соолутуп, баасыз сууларды кошуналардын керектигине бепбекер агызбайлык, а бир ак, алар биздин ушунчалык марттыгыбызга жарты литр күйүүчү май, же бир куб газын бекер беришпейт. Берген дагы эмес, али эч качан беришпейт. 

Ал эми, агерде, кошуналарга болочок ГЭСди курдурсак, анда, биз өзүбүздүн суубузга, ошол ГЭСге көз каранды болуп, кылчактап калабыз. Себеби, түшүнүктүү, кошуналар өз кызыкчылдыгын ойлошуп, бизге тэң ата болушуп, суу менен электрэнергияны бөлүштүрүп, бизге ар кандай шарттарды койушат. Ошол себептен, булар жанталашып, ар түркүн амал менен, эптеп биздин сууларга башын киргизип алуунун амалын ойлоп, азырынча, бизди укмуштуу убадалар менен сугарып, "ГЭСди бирге куруп, анан пайдасын бирге көрөлүк" - деп амалданып, биздин бийликти азгырып алдап жатышат. Эми бул жагы түшүнүктүү. Казакстан отуз жылдын аралыгында, биздин башыбызга оор түйшүктөр түшкөндө, чек арасын жаап, алардын жеринде келаткан биздин айдоочуларды каалагандай кемсинтип, тоноп-талап келишкендери жалганбы? А түгүл, биздин поезд алардын территориясында өтүп жатканда, кыз-келиндерибизди чечинтип текшерип мазактап, басынткандары да жалганбы? Канчалаган кыргыздарды алдап азгырып кул кылышып, шылдыңдап келгендери да жалганбы? Жайында аларга сууларды бекер агызып, азыр свети жок, күчүбүздү көмүрдөн чыгарып, ууланып жатканыбыз дагы жалганбы?

Туура, ГЭСди курушубуз керек. Өзгөчө жүздөгөн майда чакан ГЭСди шаркырап аккан кокту-колоттордогу сууларга. Андай чакан ГЭСге эчкандай инвесторлордун кереги жок. Уруксатты бийлик берсе, минималдуу үстөгү менен кредит берсе, өзүбүздүн ишкерлер эң сонун сапатта жана арзан баада, ыкчам түрдө тез курушат. Ушундай чыныгы элдик сайасат ишке ашса, анда Нарын дайрасына каскаддалган алп ГЭС дин эч кажети жок. Анын үстүнө ал жактан иштелип чыккан электрэнергиясын Кыргызстандын булуң-бурчуна ортомчулар аркалуу элге жеткиргенде, канчалаган чыгым жана электр тогу жок болот. Андыктан, бир кана Нарын дайрасына күч келтирбей, Көкө Мерен шар аккан дайрага да чакан ГЭСтерди курууну тездетиш керек. Ал үчүн мекенчил ишбилги күч-кубаттуу жаштар Энергетика тармагына жетекчи болуп келиши зарыл. Ыкчам проектерди түзүп, мамлекеттин колдоосу менен жаңы чакан ГЭС тер курулса, анда бүт Жумгал, Суусамыр өрөнү үзгүлтүксүз свет менен жайдыр-кыштыр камсыз болот. Ошондой эле, Долондон Кочкор тарапка аккан суулардын күчүн пайдаланып ондогон мини ГЭС тер курулса, Кочкор өрөөнү жарыкка бөлөнөт. Булардан тышкары...

Жаратылыштын бекер энергиясын пайдалануу. Күндүн нурун, шамалдын шуулдаган кубатынан канчалаган үйлөр имараттар арзан светтин кубаттарына кубанып жыргашат.

Кептин баардыгы бийликтин ыкчамдыгында, убакыттан уурдатпай Элин Улуу Курултайга чакырып, анан ушундай "УЛУК ЧАКЫРУУ" менен акылман Элге кайрылуу абзел! Акылман Кыргыз калкынын Ар Намысын ойготуп, башын бириктирип койсо, анда эчкандай сырттан митаам куу ашынган амалкөй ачкөз инвесторлордун эч кереги жок болуп калат. Чет жакта отуз жылдап иштеп бутуна турган өзүбүздүн намыскөй мекендештерибизге "Келгиле! Мекенибизди биргелешип көтөрөлү!" - деген Чакырык менен кайрылуу сөзсүз керек. Ашынган арамза олигархтардан "кустурган" каражаттарды да ушундай тармакка жумшаш керек.

Электр тармагындагы коопсуздукту, агерде биз намыстанып бириксек, анда бир жыл аралыгында эбегейсиз эрдик жасап, эчкимдерге кол сунуп, көзкарандуу болбойбуз. Өзгөчө, Түштүктөгү ачылган, а бир ак, иштетилбей жаткан мунайзат менен газдын кеңбайлыктарын дагы өзүбүз ыкчам түрдө ишке киргизүүгө чамданышыбыз керек!

Кептин баардыгы бийликтин эркиндигинде жана эрдигинде! Элине кайрылып, Эли менен бирдикте жоопкерчиликти бөлүшүп, ишти Жапаровдор башташса, анда азыркы сунушталып жаткан маселелр тезарада иш жүзүнө ашат.

Сасыткы шайтандаган сайасат ойуну айактады. Эми шымаланып алып, биргеликте асыл ойлорду, тилектерди ишке ашырууга убакыт келди! Элибиз ажого ишенип аны колдоп, Ажобуз Элине тайанып, Элине кайрылып, тезарада Улуу уйуткуттуу Элдик Курултайды чакырып, өзгөчө маанилүү стратегиялык, анын ичинде коопсуздук маселелерди алдыга койуп, биргеликте талкуулап, ал жерден талдап тактап, тастыктап анан таразалап туруп, коммунистер айткандай: "Вперёд к коммунизму!" - Алга кыргыздар алга! - деген Биримдик аба-суудай керек болуп жатат. Антпесек, бизди келечек муун кечирбейт. Кептин баардыгы акчада эмес, Алоолонгон Ар Намыста!

Андыктан, "Вперёд и ещё раз Вперёд" намыскөй Манастын Урпактары! Алга жана дагы Алга!- дейт Мелис Арып-Бек.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости