www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кино-кыйноо

- Сизди көп тасмалардан учуратып келебиз, кино сиз үчүн?

- Кино-мен үчүн бүтүндөй жашоом. Кино жана театр мага күнүмдүк жашоого керектелчү азыктар нан менен суудай сезилет. Бала кезден көксөгөн кесибиңдин ээси болсоң, андан өткөн бакыт барбы?! 

- Кайсы залкарлар менен бирге тасмада тартылып калдыңыз?

- Менин багыма Жараткан кыгыздын эң үлкөн таланттар менен бирге тартылууга насип кылган экен. Театрдын корифейлери: С.Жумадалов, Г.Дулатова, Б.Бейшеналиев, К.Досумбаев, Б.Алиевдер менен спектаклдерде бирге ойноп калганымдын өзү бакыт. Ал эми заманыбыздын залкарлары: М. Токтобаев, Д.Байдөбөтов, З.Сооронбаев, Э.Бекболиев, Т.Актановдор менен биргеликте тасмаларга тартылгам. Режиссёрдун асистенти болуп иштегениме режиссёрлор: Б.Шамшиев, Б.Абдуразаков, Б.Пармановдор менен мол тажрыйба алышыма зор күч жумшашты. 

- Кандай кырдаалга туш болбоңуз эмоцияңызды жашыра аласызбы?

- Эмоцияны мендей шайыр инсандар ичине сактоосу кыйынга турат экен. Канчалык жаап-жашырбайын, баарибир жүзүмдөн байкалып калат.

- Көксөгөн максатка жетүү үчүн адам кандай сапатка ээ болуу керек?

- Чыгармачыл инсан болгон соң, ийгиликти багындырыш үчүн алгач алдыга чоң максат коёсуң. Менин жеке оюм боюнча өжөрлүктү дос тутсаң каалаган максатка жетесиң. Өжөрлүккө шерик деп мен чечкиндүүлүктү айта кетет элем. Үй-бүлөдөгү бакыт жана тынчтык бул максаттарга жетүүдө чоң роль ойнойт.

- Ушундай талант ээсин кандай ата-эне тарбиялады болду экен?

- Өмүр берген, жарык дүйнөгө алып келген ата-энеден ыйык, ата-энеден улук жан болбосо керек. Менин ата-энем карапайым адамдар. Атам Гуламжан ардактуу эс алууда. Апам Гүлжакан баатыр эне. Жети балага татыктуу тарбия берген ата-энеме терең алкыштар.

- Сиз кандай жанрдагы китептерге жакынсыз?

- Мен ар кандай жанрдагы китептерди окуганды жактырам. Бирок терең ойлуу китептерге жакынмын. 

- Режиссёрдук жактан дагы өзүңүздү сынап көргүңүз келеби?

- Албетте, режиссёрлук жакка өзүмдү сынап көрдүм. «Коммерсант аял», «Үч каракчы», «Сыйкырдуу тарсылдак», «Кар ханышасы», «Жаза» спектаклдерин койгом. 

- Кино тартылуучу учурдагы кызыктуу окуялар?

- Кызыктуу окуялар айта берсе көп. Мисалы: «Курманжан датка» киносунда кино бүткүчөктү узун чачымды бекитишип аябай убараланышып, байкатпай койгон гримёрлордун эмгегин айта кетпесем болбос. Себеби катар тартылган кинодогу каарманымдын чачы узун болчу. 

- «Мен адаммын жана адам пендечилиги, ач көздүгү жана башкасы мага тааныш» - деп айтканы бар Луций аней Ценеканын. Сизге дагы ушул өңдүү адамдардын мүнөзү тааныштыр?

- Сиз айткан мүнөздөгү адамдар өтө көп. Алар жакшылык жасаса, ошону милдет катары кабыл алышат. Мындай адамдар менен көп жолу иштештим, алардын бет кабы мага тааныш, себеби тез-тез алмаштырып турушат. Андай мүнөздөгүлөр өзүмчүл болушат. Кемчиликсиз пенде болбойт деңизчи, кандай адам менен баарлашып же мамилелеш болсом дагы жакшы сапатын алганга аракет жумшайм. 

- Абийириң таза болсо, бааң ошончо кымбаттайт экен…

- Абийирдүү болуу адамдагы негизги касиет. Бул биздин заманга өтө жооптуу нерсе. Абийирдин ордуна азыр акча өйдөрөөк туруп калган заман. Ошентсе да кыргызым кылым карытып келген эл. Абийирди жоготпоо үчүн көкүрөктө намыс деген улуу сапат жашаш керек. 

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости