www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти Саламат Садыкова менен маектештик.

- Сизди музыка жаатында жакшы билебиз, бул тармакка кандайча аралашып калдыңыз?

- Музыка чөйрөсүнө капысынан келген жокмун. Бала чагым жайлоо, кыштоодо, чаңы сапырылган кара жол менен дарыядан бакандап суу ташып өттү. Бала кезде бизди эрбитип турган туулуп өскөн жерим өрүкзарлуу Баткенимдин мектеби, бакчасы толо гүлзар эле.

Бизден жогорку класстагы балдар аккордеон тартып, мандалин чертип тегеректи шаңга бөлөй турган. 6-классымда Баткендин аянтчасында "Орус тили-достуктун тили" деген фестиваль өтүп, Ольга аттуу мугалимим "Намангандын алмасын" орус тилинде үйрөтүп, ырдатып чыгарып дипломант болгом.

Мендеги ырчылык чыйыр мына ошондон башталган. Маданият үйүндө методист болуп иштегем. Балалыктагы жол чоң маданият ашуусуна алып келип олтурат.

- Ал учурдун жаштары китепке жакын болгон дешет...

- Жалындаган жаштык китеп кууп окуу модага айланган бейм, көчөдө китеп дүкөн толо жаштар болчу. Биздин замандын жаштары китепке суугарылып өстүк. Раматылык энем Мария мени көбүрөөк багып калды. Үй окаттан тышкары, дубал текчеде "Манастын" үчилтиги, кенже эпостор тизилип турчу. Мына ошолордун баарын окуп чыккан окумал болуп чоңойгон кыз.

- Комузду колго алган күнүңүздү эске салгым келип турат...

- Бала чакта комуз күүсүн укпай өстүм. Баткенде кыргыз теле, радио тартпай, Өзбекстандын теле, радиосун угар элек. Кыргыздын нукура адебин, көөнө сөз жана башкасын китептин арты менен аңдап тааныдым окшобойбу. Мектепте "Ажар", "Толгонайдын" монологун айтып, келечекте таанымал болсом экен деген изги тилек мына ушинтип иш жүзүнө ашып олтурат.

Кыз бала ыргыткан таш деп коёт эчкилер, раматылык Тургунбек деген келишимдүү жигит бир көрүп ашыклык сөзүн айтып, улуу Талас жергесине келин болуп бардым. Ошол элдин касиети жукту, элдик театрында иштеп жүрүп, "Жылдыз" ыр-бий ансамбли түзүлүп, алды Москва, арты Польшага чейин барып күркүрөп турган өттү, кетти.

Ошондо Султан Юсупов агабыздын назарына түшүп калсам керек, бул кыздын колунан баары келет экен, музыкалык аспаптардын бирин үйрөнүп алсын дептир. Кеңседен комузду таап чыгып, зирек, андан калса өжөр жаным үч ай ичинде өзүмө-өзүм мугалим болуп, комузду чертип калдым.

- Улуттук аспаптарга жаштардын кызыгуусу кандай?

- Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы дегендей, жаштар болуп көрбөгөндөй комузга кызыкдарын арттырып келүүдө. Жаңыча ритм, динамика, комузда кол ойнотууну көтөрүп чыгышты. Атай кетсек, Чолпон, Эламан, Перизат аттуу жаштарыбыз, ал эми "Акак" комузчулар тобу өзүнчө сөз. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп ушундай таланттууларды тарбиялап чыгарып жатат.

- Ырчылар элдик ырларды ыргагынан чыгып ырдагандарга көз карашыңыз...

- Ата-бабаларыбыз урпактарга калтырып кеткен улуттук баалуулуктарды, маданиятыбызды бизден кийинкилерге өзгөртпөстөн сактап өткөрсөк кана эми. Мыскал апабыздын ырларын угуп чоңойдук. Эч бир кайрылган бузбастан, ошол өңүттө ырдап келе жатам. Элдик чыгармаларды айрыкча чет өлкөлүктөр тилин түшүнбөсө дагы кызыгуу менен ынтаа коюп угушат.

- Бүгүнкү күндө кыргыз улуттук кийимдерди айрымдар жокко чыгарууда, ушул көйгөйдү канткенде калыбына келтире алабыз?

- Тескерисинче, улуттук кийимдерди кызыгып кийгендердин саны арбын. Бирок сапат жагынан эмес, сан жагынан өсүүдө болгону өкүндүрөт. Үрп адатыбызды бузбай, ата-бабаларыбыз кандай калтырса ошондой сактап алып келе жаткан чеберлерибиз Жумагүл Сариева, Айдай Асангулова жана башкалар. Эзелки үрп адат, каада салтты бузбастан тутунса, түпкүлүк кылымдар бою жолу улана бермекчи.

- Кийит маселесине келсек...

- Бул биздин эчен жылдан берки укумдан тукумга өтүп келе жаткан каада-салт. Аны бирөө да жокко чыгарганга акысы жок. Учурда Манас кимге кереги бар деген кеп жүрүп жатат. Кыргыздын каада-салт, үрп адат, нарк-насилин издесең мына ошол "Манас" эпосунан табасың.

Чет өлкөгө өнөрдү туу тутуп көп чыктым, бүгүнкү күндө дагы чакыруулар болуп жатат. Чет элдиктер тилибизге, каада-салтыбыз га, үрп-адатыбызга суктануу менен алакан чаап олтурушат.

- Тил деп калдыңыз, тилибизди чангандар да жок эмес...

- Топурактын касиети мекенибиздин кийин эле, өзүңдүн элиңди, тилиңди кастарла дейт элем. Казактын чыгаан акыны Мукагали Макатаев айткан экен, менин үч эле байлыгым бар, алар: тилим, элим жана мекеним.

Башка жерге барсаң дагы, элиң ким, тилиң кандай, кайсы жерден келдиң деп сурайт. Араб же түрк болуп кете албаган соң, өзүңдү сүйсөң, эли-жерине, тилиңе ыйбаа кыл, патриот бол деген оюмду айта кетейин.

Ашым Жакыпбековдун "Теңири Манас" деген китебиндеги сөз менен оюмду жыйынтыктайын, Кыйраган сайын кычаган кыргыз, түгөнгөн сайын, түтөгөн кыргыз. Кыргыз эли жоголбойт, демек анын каада-салт үрп-адат нарк-насили, маданияты, тарыхы дагы жоголбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости