www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка-Түркия мамилеси болуп көрбөгөндөй курчуду. Каршылашууга эки өлкөнүн өкмөттөрү эле эмес, элдери да жапырт кошулууда.

Түрктөр АКШга тийиштүү өндүрүмдөргө бойкот жарыялашууда. Өлкөнүн ар кай жерлеринде тургундар Iphone аппараттарын талкалап, доллар купюраларын күйгүзүп видеотасмага тартып чыгарышууда. Алардын бул каршылык аракеттери АКШнын Түркиянын экономикасына карата санкциялык саясат жүргүзүп жатканына байланыштуу болууда.

Түркиянын америкалык пастор Эндрю Брансонду террористтик уюмдар менен байланышка айыптап камакка алганына байланыштуу АКШ бийлиги түрк министрлери Абдулхамит Гюл менен Сулейман Сойлуга карата санкция жарыялаган. Муну менен чектелбеген Дональд Трамп өткөн аптада Түркиядан барган алюминий жана болот өндүрүмдөрүнө карата бажы төлөмүн эки эселеп көтөрүп салган. Анын айынан түрк валютасы – лиранын куну эки эсе түшүп, Түркиянын экономикасында кризистин эпкини байкалган.

Режеп Эрдоган муну америка бийлиги Түркияга каршы “экономикалык согуш жарыялады” деп билдирип, жооп катары АКШдан кирген бир катар товарларга төлөмдү кескин көтөргөн буйрук чыгарды. Документке ылайык, тамеки өндүрүмдөрүнө 60%, алкогол ичимдиктерине 140%, косметикалык товарларга 60%, күрүчкө 50% жана мөмө-жемиштерге 20% көтөрүлгөн. Түрк лидери өз калкын доллардан баш тартууга чакырды жана эгерде Америка өзүнүн бир жактуу курсунан баш тартпаса Түркия башка досторду жана союзниктерди издээрин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости