www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Краснодар крайында медициналык бет капчан киши кичинекей азык-түлүк сатуучу дүкөндү тоноого аракет кылган. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, киши сатуучунун жанына барып, касса аппаратын издөөгө киришкен. Бирок, ууру акчанын ордуна, сатуучу аялдан муштум жеген. Ал киши сатуучу аял менен мушташуудан тартынган жок. Бир мүнөткө жакын созулган мушташ учурунда ууру атаандашын көтөрүп, ыргытып жиберген.

Натыйжада, экөө тең кулап, дүкөндүн текчелеринин бирине сүзүшкөн. Киши талап-тоноонун натыйжасы болбой тургандыгын түшүнүп, бөлмөдөн чыгып кетти. Сатуучу көпкө ойлонбой эле артынан жөнөдү. Натыйжада, ууру кармалып, учурда ал полиция бөлүмүндө. Тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости