www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясы бир кезде тыюу салынган Хэллоуин майрамын белгилөө үчүн расмий иш-чара өткөрдү. Бул Падышалык үчүн тарыхый кадам, анткени ал өлкөнү модернизациялоо үчүн социалдык реформаларды ишке ашырууга умтулууда, деп жазууда чет элдик басылмалар.

Сынчылар айткандай, “шайтандын майрамына” карата Эр-Риядда падышалыктын башкы көңүл ачуу департаментинин жетекчилиги астында үч күндүк фестиваль уюштурулду.

27-28-октябрь күндөрү "коркунучтуу кооз көйнөк" кийген адамдар Эр-Рияд бульварында жүрүшкөн сүрөттөр социалдык тармактарга тарады. Иш-чара Сауд Арабиянын борборунда жүрүп жаткан туристтик сезондун алкагында өттү.

Иш-чаранын коноктору тематикалык коркунучтуу кийимдерди кийип чыгышты. Ошондой эле кандуу медайымдар, ар кандай табитке жана түскө ылайыктуу желмогуздар, кинонун терс каармандары, каардуу рухтарды чагылдырган жандыктар ж.б. образдарды чагылдырышты.

Бирок, Падышалыктагы бул майрамдар көптөн бери “ультра-консервативдик” деп сыпатталган айрым социалдык тармактардын колдонуучуларынын сынына кабылды. Ислам динин тутунган комментаторлор өлкө бийлигин бир кезде тыюу салынган мусулман эмес майрамдарга уруксат бергени үчүн айыпташты.

Arab News белгилегендей, "Хэллоуин көптөн бери Перс булуңунда өткөрүлбөй келгени менен иш-чаранын катышуучулары бул иш-чараны зыянсыз көңүл ачуунун бир түрү катары мүнөздөштү".

«Чынын айтсам, бул чоң майрам, анда кубанычтын духу бар... Ал эми арамбы же халалбы, мен аны билбейм. Биз аны жөн гана көңүл ачуу үчүн белгилейбиз, башка эч нерсе эмес. Биз эч нерсеге ишенбейбиз», - деди майрамга биринчи жолу катышкан катышуучулардын бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости