www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-сентябрда Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жер көчкү Дыйкан – Кара-Кече жолунун 37-чакырымында 15-сентябрда жүрүп, Кара-Кече суусун тосуп калган.  "Жумгал районунун Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын чечими менен жол убактылуу жабылды. Учурда жер көчкү токтогон жок. 500-600 м3 болгон жер массасы Кара-Кече суусуна жылып жатат", - деп билдирет минристрлик. 

Кечээ, 14-сентябрда жер көчкү жүрүп, тоонун көчүп атканын видеотасмага тартып алышкан. Аны коомдук ишмер Максат Чаки Фейсбук социалдык баракчасына жүктөдү.

“Уникалдуу кадрлар. Кечээ Кыргызстанда жер көчкү болуп, анда тоо толугу менен көчкөн. Сейрек көрүнүш”, - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости