www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жарандарды алдамчылардан сак болууга чакырган видеотасманы жарыялады.
“Шоу-бизнес жылдыздары, блогерлер, тез арада көп акча табуу схемаларын жана дарыгер менен кеңешилбеген дарыларды жарнамалоодо маанисине көңүл буруңуздар. Буга чейин сиздер жарнама кылгандар алдамчылыкка шектелип абакта отургандары да бар. Канчалаган карапайым адам кооз сүйлөп азгыргандардын айынан материалдык чыгымга дуушар болуп калууда”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле акча салса тез арада көбөйөрүн белгилеген түрдүү криптовалюталарды сатып алууда ойлонуп чечим чыгаруу зарылдыгы белгиленет. Телефон алдамчылары дагы ар кандай жолдор менен жарандардын ишенимине кирип, каржылык чыгымга алып келиши мүмкүндүгү айтылат. Бул тууралуу коом.пресс сайты жазып чыкты.
Эске сала кетсек буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстанга түрдүү жарнамаларды жар салып, жыйынтыгында эркиндик менен коштошкон.