www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунун тургундары талкаланган жолдорго Акылбек Жапаровдун ысымын ыйгарууну сунушташууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самойкожо билдирди.
«Жумгал—Ак-Талаа жолу качан оңолот? Эл азыр жыртылган, тамтыгы чыккан Жумгал —Ак-Талаа жолуна Акылбек Жапаровдун атын берели деген демилге көтөрүп жатат. 3- 5 км деп отурса, 120 чакырым жол 40 жылда жасалат.
40 жылда берки жактагы 5 км жолдун тамтыгы чыгат. Ошондуктан тамтыгы чыккан жолго Акылбек Жапаровдун аты татыктуу болот.
Мурда жаңы жолго ысым ыйгарылса, азыр жыртылган, тешилген жолдорго Акылбек Жапаровдун ысымын ыйгаруу маселеси көтөрүлүшү керек, бул элдин демилгеси», - деди Мирлан Самыйкожо.
Булак: NazarNews.kg