www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-августта Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Цзиньчжоу шаарына (Түндүк-Чыгыш Кытайдын Ляонин провинциясы) текшерүү менен барды. Мындай маалыматты NazarNews  маалымат агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.

Жумушчу сапарынын алкагында Кытай лидери Кытайдагы Элдик-боштондук согушунун бул маанилүү салгылашына арналган Ляошэнь согушунун мемориалдык музейине барып анын экспозициясын карап чыкты.

Си Цзиньпин андан кийин Дунху токой паркына барып, ал жерде эс алып жаткан жергиликтүү тургундар менен жылуу маектешти. Кытай лидери Кытайдын түндүк-чыгыш чөлкөмүнүн кайра жаралышына толук ишенерин билдирип, кытай үлгүсүндөгү модернизация аз сандагы элдин гана гүлдөп-өнүгүшү эмес, жалпы элдин бакубаттуулугу менен мүнөздөлгөн модернизация экенин белгиледи.

Өлкөнүн түндүк-чыгышын жандандыруу стратегиясын ишке ашырууну улантуу, өндүрүш структурасын оптималдаштырууну тездетүү, жаңы доордо реформанын жана өнүгүүнүн талаптарына ыңгайлашуу зарыл, деди ал.

Ал бардык деңгээлдеги партиялык комитеттерден жана өкмөттөрдөн суу ташкынына жана кырсыктын кесепеттерин жоюуга, кырсыктан жапа чеккен адамдарды туура жайгаштырууга жана алардын турмушунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кылдат чараларды көрүүнү жана аларды иш жүзүнө ашырууну жана табигый кырсыктарды башкаруунун эффективдүү планын иштеп чыгуу жана жабыркагандарга мүмкүн болушунча тезирээк кадимки жашоого жана жумушка кайтууга жардам берүүнү талап кылды. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости