www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Коргоо министрлиги шаршемби күнү Кытайдын Элдик боштондук армиясы Орусияда өтө турган "Восток-2022" машыгуусуна катышуу үчүн аскерлерин жөнөтө турганын билдирди.

"Кытай менен Орусиянын аскердик кызматташтыгынын жылдык планынын алкагында, ошондой эле тараптар жетишилген консенсуска ылайык, Элдик боштондук армиясы жакынкы келечекте Орусияга "Восток-2022" машыгууларына катышуу үчүн өз аскерлеринин бир бөлүгүн жөнөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Машыгууларга Индия, Беларусь, Тажикстан, Монголия жана башка өлкөлөрдүн аскер кызматкерлери да катышары белгиленген.

"Кытай машыгууга башка өлкөлөрдүн аскерлери менен практикалык жана достук кызматташтыкты тереңдетүү, бардык катышуучулар менен стратегиялык кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу жана ар кандай коркунучтарга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында аскер күчтөрүн жөнөтөт", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Кытай аскерлеринин машыгууга катышуусу "азыркы эл аралык жана аймактык кырдаалга эч кандай тиешеси жок".

Буга чейин Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги 30-августтан 5-сентябрга чейинки аралыкта Чыгыш аскер округунун аскерлери Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын жетекчилиги астында аскердик операция өткөрө турганын билдирген.

"Восток-2022" стратегиялык командалык-штабдык машыгуусу. Чыгыш аскер округунун 13 полигону камтыла турган стратегиялык машыгууга райондун аскерлери менен бирге Аба-десант, алыскы жана аскердик транспорт авиациясы, ошондой эле чет мамлекеттердин аскерлери тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости