www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Орусияга мамлекеттик сапар менен келгенин РИА Новости билдирди.

Кытай лидеринин учагы Внуково-2 аэропортуна конду.

Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин жолугушуусу Кремлдин Чоң сарайында саат 15:00дө (Москва убактысы боюнча) башталарын Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Бул Кытайдын башчысынын үчүнчү мөөнөткө шайлангандан кийинки биринчи эл аралык сапары, ал 20-марттан 22-мартка чейин созулат.

Пекин бул сапар мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенимди бекемдеп, эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жаңы дем берет деп күтөт. Лидерлер Орусия менен Кытайдын мындан аркы кызматташуусун талкуулашат жана маанилүү документтерге кол коюлат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости