www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне үчүн “оору” деген сөздү айтпоо керек

Кыргыз тилиндеги "ООРУ" деген сөздүн этимологиясы "оор" ("тяжелый") жана "уу" ("яд") деген сөздөрдөн куралып,

- "тяжелый яд",

- "тяжелое отравление"

маанисин туюнтат.

Ошол себептен, сөз баккан, салт сактаган, нарк кармаган ата-бабаларыбыз оо дүйнөгө аттанаар алдында жаны кыйналып жатса да, "ООРУ" сөзүнүн терс энергетикасы жумурай журтка жукпасын үчүн

- "Кандайсыз?",

- "Кандайсың?"

деген суроолорго дайыма "Жакшы" деп салттуу жооп беришкен.

"ООРУ" сөзүнүн терс энергетикасы нан оолак болуу максатында салттуу атанын таалимин, нарктуу эненин мээримин алган кыргыздар

- "табым болбой турат" ("мне не здоровиться"),

- "тумоолоп калыпмын" ("у меня грипп"),

- "суук тийип калыптыр" ("простудился, же простудилась") деп жооп бергени дурус.

Тилекке каршы, Совет доорунда орус тилиндеги "больница" деген сөздү "оорукана" ("место, где обитает тяжелый яд", "место, где тяжело отравляют") маанисинде которуп коюшканы - тилге болгон кайдыгер, көңүл кош, жүр нары мамиленин бири болгон.

Кыргыз тилинде ден соолукту калыбына келтирүү менен байланышкан төмөнкүдөй 2 сөз бар:

1. ЭМ - бул пенделердин, же жан-жаныбарлардын ден соолугун калыбына келтирүү жөндөмү (способность).

Мисалы,

- "Анын тилинде эми бар" ("Его (ее) речь обладает способностью лечить").

- "Анын колунда эми бар" ("Его (ее) руки обладают способностью лечить").

2. ДОМ - бул пенделердин, же жан-жаныбарлардын ден соолугун калыбына келтирүү максатын көздөгөн кыймыл-аракет.

Мисалы,

- жүрөк көтөрүү,

- апаптап коюу,

- киренелөө ж.б.

Ошол себептен, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиянын алдындагы терминком

- эмкана (лечебница),

- эмчи (медициналык орто билими бар фельдшер, же медсестра)

деген нукура кыргыз тилиндеги терминдерди расмийлештирүүгө көмөк кылса...

Баса, "дары", о.э. медициналык жогорку билими бар "врач" сөзүн туюнткан "дарыгер" сөздөрүнүн маанисин башка постто кенен жазалы.

Тема Гүлзат Аалиева тарабынан даярдалды

Последние новости