www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Маалымат менен комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков тааныштырды.

Аталган мыйзам долбоору тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюу, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аярлуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо максатында иштелип чыккан.

Комитет мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мезгилдүүлүк маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Мыйзам долбоору менен юстиция министринин орун басары Сайра Ызакова тааныштырып, ал укуктук жөнгө салууну жана туруктуулукту жогорулатууга, укуктук аныксыздыкты азайтууга жана калктын укук системасына болгон ишенимин бекемдөөгө багытталганын билдирди.

Последние новости