www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда тарап жаткан кадрдык алмашуулар тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, акыркы сааттарда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматтан кетип, ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын келиши, ошондой эле Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин ордуна Канат Асангуловдун дайындалышы тууралуу кабарлар чындыкка коошпойт.

"Айрым маалымат каражаттарында жана платформаларда тарап жаткан бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Жогоруда аты аталган жетекчилерге байланыштуу эч кандай кадрдык чечимдер кабыл алынган эмес. Бардык жетекчилер өз ордунда ишин улантууда," — деп билдирди Дайырбек Орунбеков.

Последние новости