www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары К.С. Досматов менен «Кыргыз Республикасында угуусу жана сүйлөөсү бузулган адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аркылуу кийинки муундун лидерлик сапаттарын өнүктүрүү» долбоорунун менеджери Осуги Ютака менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө К.С. Досматов министрлик туруктуу негизде «Кыргыз сокурлар жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмеси менен кызматташып келерин белгиледи. Кызматташуунун негизги максаты – көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын укуктарын коргоо, социалдык реабилитацияга жана интеграцияга көмөк көрсөтүү, ошондой эле коомдук жашоого толук кандуу катышуусу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Өзгөчө көңүл майыптыгы бар адамдарды эмгек ишмердүүлүгүнө тартууга, алардын чыгармачылык потенциалын жана коомдук активдүүлүгүн өнүктүрүүгө, ошондой эле маданият жана спорт тармактарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө бурулду.
Тараптар угуусу жана сүйлөөсү бузулган жаш лидерлердин санын көбөйтүү, ошондой эле долбоордун географиялык камтуусун өлкөнүн аймактарында кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
Ошондой эле даярдалган жаш лидерлер жарандык коом уюмдары менен мамлекеттик органдардын ортосунда конструктивдүү диалогду өнүктүрүүдө маанилүү байланыштыруучу күч боло алары белгиленди. Аларды ишкердикке тартуу, иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана инклюзивдүү эмгек рыногун калыптандыруу – майыптыгы бар адамдардын өз алдынчалыгын жогорулатуунун жана көз карандылык маанайын азайтуунун негизги факторлору болуп саналат.
