www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулду. Эл өкүлү Сүйүн Өмүрзаков чек арадагы жоокерлердин эрдигин белгиледи.
«Биз бир канча депутат Баткен облусуна барып, иш алып барып келдик. Эл ыраазычылык билдирүүдө.
Азыр бул жерде депутаттар чек арада каза болгон кээ бир жоокерлерге баатыр наамын берүүнү сунуштап жатат. Ал жерде бардык жоокерлер бирдей эрдик көрсөттү. Алардын бирин жакшы, бирин жаман деп айтуудан алыс болууга чакырам», - деди Өмүрзаков.
Эске салсак, Тажикстан кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрада ок чыгарган.
Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашкан.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Тажикстандын кол салуусунан чек арада жабыркагандардын саны 198ге жетти.
Ал эми маалым болгондой, чек арадагы кагылышууда 59 жоокер мерт кеткен.
Булак: NazarNews.kg