ВИДЕО- Соода борборунда чет элдик жаран бычак менен адамдарды коркуттү
Кылмыш жана кырсык  |   |  1674

Түркиянын жараны Казакстандын Нур-Султан шаарындагы Mega Silk Way соода борорунда колундагы бычакты моюнуна такап, элди коркутту. Бул тууралуу Polisia.kz. шилтеме берип, Today.kz билдирди.

“Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 12-февралда кечке маал болгон.

“18:28дерде  102ге Mega Silk Way соода боборунда 35 жаштагы Түркиянын жараны мас абалында бычак менен колун кескени тууралуу маалымат түшкөн”,-деп полициядан билдиришти.

Соода борборунун кардарлары кишинин колунан бычакты алып, медициналык жардам көрсөтүшкөн.

“Кылмышкер Казакстандын мыйзамына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Аны өлкөдөн чыгаруу боюнча маселе каралып жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями