www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов видео тасма аркылуу элге кайрылуу жасады.

Албек Ибраимов тараткан видеотасмада: «Тилекке каршы мен Бишкек шаардык кеңешиндеги окуя тууралуу кечирээк угуп калдым. Мен 3 күн тоодо жүргөндүктөн уккан эмесмин. Болуп өткөн окуяларга байланыштуу кыска убакыттын ичинде конкреттүү билдирүү таратам», - деди.

Эске сала кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын кезексиз жыйынында калаа мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Мындай чечим депутаттардын 40 добушу менен кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаган эсептөө комиссиясынын төрагасы Валентина Лисниченко “Бишкек шаарынын мэри Албек Сабирбекович Ибраимовго ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүгө 40 депутат катышып, алардын ичинен 40 добуш менен (бир добуштан) мэрге ишеним көрсөтпөө чечими кабыл алынганын” жарыялады. Ошентип, шаардык бийликтин тарыхында биринчи жолу мэр депутатардын чечими менен кызматынан алынды. Атамбаев кезинде кош колдоп “бир добуштан” кызматка бекиткен Шаардык кеңеш бул жолу ошондой эле күү менен аны ыргытып салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости