www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Пермь шаарынын 30га жакын тургуну дарыяга чөгүп жаткан аялды өзгөчө ыкма менен куткарып калышты. Бул тууралуу аймактагы ИИМ бөлүмүнө шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 32 жаштагы келин дарыянын ортосуна чейин сүзүп барып, кайра келе албай чөгө баштаган. Өтүп бара жаткан жигит аны жээктен көрүп калып сууга секирип түшкөн. Бирок бетон төшөлгөн жээк тик жана тайгак болгондуктан, куткарган адам аялды жалгыз алып чыга албай калган.

Ошол маалда айланада сейилдеп жүргөн кишилер кол кармашып, чынжырчадай болуп тизилип, жабырлануучуга жардам беришкен. Окуя учурундагы видео Facebook тармагындагы "Мой город — Пермь" баракчасына жарыяланды.

Башкалар ошол замат Тез жардам кызматын чакырып, келинди медиктерге өткөрүп беришкен. Учурда ал ооруканада экени, бирок өмүрүнө коркунуч жаралбаганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости